Бүгүн Бишкекте ШКУнун юбилейлик саммити өтөт
Новость KTRK/videograp

Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына карата өкмөт башчылардын деңгээлиндеги саммит өтөт. POST1RIGHT

Ага катышуу үчүн уюмга мүчө өлкөлөр - Кытай, Өзбекстан, Орусия, Казакстан жана Тажикстандан премьер-министрлер Бишкекке келишти. 

Андан тышкары, Беларусь, Ооганстан, Иран, Пакистан, Монголия жана Индиядан расмий өкүлдөр да катышат. Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы түзүлгөн.