Чек ара боюнча жумушчу топтор жолугушту
Новость www

Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык, 2023-жылдын 3-июлунан 9-июлуна чейинки кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Баткен шаарында болду. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында болору пландалууда.