Иран Ислам Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө мамлекет макамын алды. Мындай декларация Нью-Дели саммитинде кабыл алынды.
Белгилей кетсек, күн мурун Индиянын төрагалыгы алдында ШКУнун самити өтүп, анын ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышты. Мындан тышкары, иш-чарага алты эл аралык жана регионалдык уюмдардын жетекчилери катышты. Эскерте кетсек, ШКУнун 22-саммити 2022-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын Самарканд шаарында көзмө-көз форматта өткөн.