Кыргызстандык блогерлер Москва боюнча акысыз блог-тур жасай алышат
Новость www

Бул тууралуу Бишкектеги Русский дом билдирди.Катышуучулар Россиянын борбору менен жакындан таанышып, шаардагы маданий жайларга, алдыңкы IT жана медиаплатформаларга бара алышат. Алар үчүн интернетте блогду жакшыртуу боюнча мастер-класстар уюштурулуп, маалыматтык-коммуникация технологиясы жаатындагы эксперттер менен жолугушуулар уюштурулат. Мурда “Жаңы муун” программасына катышпаган, 25тен 35 жашка чейинки блогерлер талапкер боло алат. Сынактан өткөндөргө авиабилеттер, жашаган жери жана тамак-ашы төлөнүп берилет.