Нарын шаарына электробустар сатылып алынат
Новость www

Нарын шаардык мэриясы электр станциялары менен электробустарды сатып алууга тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, пландалган сумма 73 млн 360 миң сомду түзөт. Тендердик табыштамаларды 14-июлга чейин тапшыруу зарыл. Белгиленгендей, мэрия 5 электробус жана 3 кубаттагыч сатып алууну пландап жатат.