Заманбап "Асман" шаарынын курулушу расмий түрдө башталды
Новость УТРК

Экологиялык стандарттарга төп келе турган, заманбап "Асман" шаарынын курулушу расмий түрдө башталды. Салтанатка Мамлекет башчы Садыр Жапаров, инвесторлор жана Кыргызстандагы дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундар катышты. 

Иш-чараны Улуттук телерадиоберүү корпорациясы түз эфирде чагылдырды. Эскерте кетсек, Кыргызстан көз карандысыздык алгандан бери биринчи жолу чоң ири шаар нөлдөн баштап тургузууга белсенди.