Өткөн жылы Кыргызстан ЕАЭБке толук кандуу мүчө болуп кирди. Бүгүн эксперттер эгер биридикке кирбегенде эмне болмок деген маселени талкуулашууда. Албетте, дүйнөлүк каатчылык мезгилинин шартында бул маселе элди кызыктырбай койбойт.
Кээ бирлер бул кадамды сынга алышууда. Айрымдар тескерисинче аргументтерди келтирүү менен биримдикке кирүү туура кадам болгонун айтышат.
Ал эми, Казакстандык ишкерлердин айтымында учурда чек арадан айыл чарба продукциясын алып өтүүгө эч кандай кыйынчылык болбой калды. Евразиялык экономикалык биримдиктин шарапаты менен бажы жана фито санитардык көзөмөлдөр алынып салганына алып сатаарлар ыраазы.
MEDIA1RIGHT
Кыргызстан Евразиялык экономикалык кириши менен дароо жыргап кетпеши эксперттер тарабынан алдын ала айтылган. Мурдатан реэкспорт башкача айтканда кытайдан арзан товар алып, аны коңшулаштарга сатып көнүп калган кыргыз эли эми өздүк продукцияга басым жасашы кыйын болот. Бирок анын баарын жеңип чыгып, өндүрүштү бутка тургузуу келечек үчүн жасалган кадамдар болуп калмакчы.
Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши дүйнөлүк каатчылыкка туш келди. Бирок талдоочулар, бул убактылуу гана көрүнүш экенин айтууда.