Баткен: жаратылышы өзгөчө Дугаба эс алуу жайы
Новость www

Туризм тармагына артыкчылыктуу багыт берилгени менен инфрастуктуранын начардыгынан көптөгөн эс алуу жайлары конок тосо албай келет. Айрыкча бул жагдай алыскы Баткен облусунда орчундуу болуп турат. Ал арада Кадамжай районундагы Дугаба альп лагеринде эс алуучуларды кабыл алуу шарттары жакшырууда. Район борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан бул лагерге барчу жолду оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.