Кыргызстандан Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирилди
Новость

Кыргызстандан Ооганстанга дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, гумжардам 24-июнда, ооган элине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсүнүн негизинде атайын борт менен жеткирилди.

Ооган тарап Кыргызстандын элине көрсөткөн жардамы жана бир туугандык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.