Баткен: 1000 гектар жерге суу жетет
Новость www

Баткен районунда узундугу 14 км болгон Кара-Кол каналын куруу иштери жүрүүдө. Ири долбоор үчүн республикалык бюджеттен 27 млн сом каралса, эл аралык уюм 26 млн сом грант берген. Ирригациялык ири объект ишке берилсе миң гектар жер сугат суу менен камсыз болот.