Кантта убактылуу кармоочу жайдан адам өлтүрүүгө шектелген жаран качып кетти
Новость

Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен оор кылмыштарга шектелген 29 жаштагы киши изделүүдө.

Ички иштер министрлиги кабарлагандай, кармалып турган Кушубек Сабыров 5-июнга караган түнү саат 01:40 чамасында качып кеткен. Ал Балыкчы шаарында туулган, улуту — кыргыз, билими — орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон. Кылмыш-жаза кодексинин "Адамды уурдоо", "Каракчылык", "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" жана "Адам өлтүрүү" беренелери менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 30-май күнү өткөн. "Шектүү "ден соолугум жакшы болбой жатат" деп нөөмөттөгү милиционерден жардам сураган. Сержант кармоочу жайдын №2 камерасынын эшигин ачып, өзүнчө бөлмөгө алып кирген маалда Сабыров жүрөгү ооруганын айтып, дары-дармек берүүнү өтүнгөндүктөн нөөмөт бөлүмүнө барып дары алып келген. Ошол маалда Сабыров милиционердин мойнуна бычак такап, жерге жаткырып колуна темир кишен салып, бутун матрацтын айрындысы менен байлап, оозуна чүпүрөк тыгып койгон. Анан жанындагы убактылуу кармоочу жайдын кире бериш ачкычын алып качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерди кароо учурунда бычак, аттиш, матрацтын айрындысы, кишен, андан тышкары убактылуу кармоочу жайдын сыртынан уюлдук телефону табылган.

Аталган окуя боюнча тийиштүү багыттамалар берилген. Андан тышкары Чүй облусунун аймагында шектүүнү кармоо боюнча бир канча пландар киргизилип, ыкчам түрдө изделип жатат. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу" беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө. Ысык-Ата РИИБи шектүүнү билгендер жана көргөндөр болсо жакын арадагы милиция бөлүмүнө же 102 номуруна билдирип коюну өтүндү.