Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери менен Кытайдын Төрагасы Сиань шаарындагы Достук аллеясына көчөт отургузушту
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери жана Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен бирге Сиань шаарындагы Достук аллеясына көчөттөрдү отургузду.

Салтанат биринчи “Борбор Азия Кытай” Саммити аяктагандан кийин болуп өттү.

Мамлекет башчылары анар көчөттөрүн отургузуп, эстеликке сүрөткө түштү.