Интернет Орусиядан алып келинет
Новость

Кыргызстан  Россия  менен  интернетти  транзит аркылуу  алып   келүу боюнча сүйлөшүүлөрдү  жүргузүүдө.  Тармактык  комитет    калкты   интернет  менен камсыздоонун абалы жана интернет тарифин көтөрүүнүн максаты анын  негиздүүлүгүн  талкуулады.  

Информациялык  технологиялар жана  байланыш  боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматында, июль айында  Казакстандын   Интернет  провайдерлери,  Кыргызстанга,   тышкы  интернет-каналдын   баасын саатына 1 мегабит  интернетти  14,9  АКШ долларынан  29,2  АКШ  долларына  чейин   жогорулатуу  жөнүндө  кабарлай  баштаган.   Эки тараптуу  сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында  тарифтерди кайра кароо  келишимине  жетишкен.   Бирок, 1-августтан  тарта  “Кыргызтелеком”   менен  “Скай Мобайл”  тарифтерди көтөргөн. Эл өкулдөрү, казак провайдерлери менен  Кыргызстан үчүн  пайдасыз  келишим тузулгөндүгүн сынга алышты.  Бул маселе  боюнча  абалды  убактылуу  депутаттык  комиссия  иликтеп жаткандыгын   айта кетели.    

POST1RIGHT  Белгиленгендей,  1-августтан  тарта  Казакстан , Кыргызстандын компанияларына интернет   тарифин  2-3 эсе  жогорулаткан.  Мына ошондон бери эле  бул маселе  ЖКте кызуу талкуу жаратып келди.   20- октябрда депутат  Рыскелди  Момбеков  “Кыргызтелекомдун”  казак  компаниялары  менен   келишиминин  негизинде  тарифтердин  жогорулатылган  абалына  нааразылыгын   билдирген .  Ал эми ,  шейшемби күну ,  Парламенттин  транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети  калкты  интернет  менен камсыздоонун абалы жана интернет тарифин көтөрүүнүн максаты анны  негиздүүлүгүн талкуулады.   Информациялык  технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин маалыматында, кыргызстандыктарга  интернетти   80ден ашык  провайдер  жеткирсе, анын   4ү   казактардыкы  болуп саналат.    

Ошол эле учурда интернеттин ылдамдыгы 3 гигабитке  төмөндөдү.  12- августта  Кыргызстан  Казакстандын   тиешелүү   органдарына   интернеттин   баасын  арзандатуу өтүнүчүн жолдогон.  

“Кыргызтелеком” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмил  Эшеналиевдин айтымында, казак тараптын койгон шарттарынан баш тарктан учурда Кыргызстандын 70 миң абоненти интернеттен өчүрүлүп калмак.

 Талкуу жүрушүндө  депутаттар Интернет  менен камсыздоонун альтернативдүу жолдорун карап чыгуу  маселесин көтөрүшту.   Азыркы тапта Россиянын “Ростелеком” компаниясы   менен  келишим   түзүү  чаралары талкууланып  жаткандыгы  айтылды.  Жакынкы кундөрү  маселе  россиялыктар менен  талкууналат. Жыйын соңунда,  Евразия экономикалык комиссиясынын тиешелүү органдарынын дарегине   Интернет   боюнча түзүлгөн кырдаалды карап чыгуу  өтүнүчү менен кайрылуу  Өкмөткө сунушталды.  Ошондой эле  бул  кырдаалды  иликтөө боюнча  убактылуу  депутаттык комиссия ишин уланта турган болду.  

Гүлбүбү Усенова. "Биринчи радио".