Парламенттеги транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети бүгүн элди интернет менен камсыздоо жана анын баасын көтөрүү тууралуу маселени талкуулайт.
Эл өкүлдөрүнө маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Болсунбек Казаков маалымат беришет.
Буга чейин “Кыргызтелеком" казакстандык провайдерлер менен интернет баасын кымбаттатуу тууралуу бир жылдык келишимге үч ай мурун кол койгону боюнча документтер ачыкталган. Аны иликтөө үчүн депутаттык топ түзүлгөн болчу.
Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118