Салтанаттын расмий бөлүгү аяктагандан кийин да ордо калаада Ноорузду өзгөчө шаң менен майрамдагандар борбордук аянтка батпай турду. Элдик майрам көөнөрбөс каада-салттарга ылайык ыр бий, оюн-зооктор менен коштолду. Миңдеген жылдар өтсө да Нооруздун үлгүсү менен маңызы сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда.
 
                                                                                                                                                
                                                                                                                                     
                                    
                                    
                                    
                                   