Манас шаарында “Ариет” балдардын чыгармачылык борборунун жаңы имараты ачылды
Новость

Бүгүн, 30-октябрда Манас шаарында “Ариет” балдардын чыгармачылык борборунун жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, жаш муундардын өнүгүүсүнө арналган жаңы борбордун иштөөсү менен таанышты.

Үч кабаттуу заманбап имарат бардык коопсуздук жана сапаттык талаптарга ылайык курулуп, балдардын чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Борбордо сүрөт, кол өнөрчүлүк, хореография, музыка жана башка үйрөтүүчү 25 ийрим иштейт. Жалпы 200 орунга ылайыкташкан борбордо балдар мектептен кийинки убакта кошумча сабактарга жана чыгармачылык ийримдерге катыша алышат.

Курулуш иштери 2025-жылдын февраль айында башталып, 30-октябрда толук аяктап, пайдаланууга берилди. Объект толугу менен демөөрчүлөрдүн каржылоосунда курулуп, бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалды.

Учурда борбордо 1300 окуучу билим алып жатса, жакынкы мезгилде дагы 500 бала кабыл алынаары белгиленди. Эскилиги жеткен имараттан жаңы жана ыңгайлуу жайга көчкөн окуучулар менен мугалимдер жаңы борбордун ачылышын кубануу менен тосуп алып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул жаңы борбор Манас шаарындагы балдардын чыгармачылыгын, билимге болгон кызыгуусун жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн арттырып, аймактагы билим берүү инфраструктурасын жаңы деңгээлге чыгарат.