Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисин кабыл алды
Новость president.kg

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. 

Жолугушууда Мамлекет башчысы Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо жана мындан ары өнүктүрүү үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде өлкө коргонуусун камсыз кылган мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү системасын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат алды. 

Президент Алмазбек Атамбаев аскер кызматкерлерине камкордук, Куралдуу Күчтөрдү модернизациялоо жана кайра куралдандыруу мамлекеттин башкы артыкчылыктарынын бири экенин баса белгиледи.