Оштогу уюшкан кылмыштуу топтордун тартышы. ИИМ иштин чоо-жайын айтып берди
Новость www

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Оштогу уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн өз ара тартышы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, кармалгандардын бары мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган:
- Раимберди уулу Акылбек 1995-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну;
- Коргонбай уулу Элеман 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, каракчылык жана бейбаштык кылганы үчүн кылмыш жообу тартылган;
- Шакир уулу Курсантбек 1990-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, адам өлтүрүү, опузалап талап кылуу, денеге оор залал келтирүү жана топтошуп мушташуу үчүн жоопко тартылган;
- Чубаков Нурбек Камчыбекович 1991-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Шамал-Терек айылынын жашоочусу, мурда тоноо фактысы менен соттолгон;
- Абдибали уулу Актилек 1992-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочусу, мурда каракчылык, мыйзамсыз курал сактоо жана уурдоого айыпталган. Милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Тергөө кызматына жеткирилишти.

Мындан тышкары, учурда 1999-жылы туулган Асан уулу Ербол изделип жатат. Ал Кара-Суу районунун тургуну мурда соттолгон, УКТ мүчөсү катары ИМдин каттоосунда турат.

Бул иш боюнча алгач Женго каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досонов кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Министрдин орун басары жабыркаган жана каза болгондор дагы УКТ мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн. 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар үч жаранга издөө жарыяланган. Ошондой эле кечээ, 14-январда аталган кылмышка шектелип дагы эки жаранга издөө жарыяланган. Ал эми 13-январда издөө салынган 2 жаран 14-январда Чүй облусунун аймагынан кармалган. Ошол эле күнү дагы бир шектүү Ош облусунун аймагынан кармалган.