Ташиев Эне жана баланы коргоо борборуна 35 млн сомдук медициналык жабдуу белек кылды
Новость

Бүгүн, 5-ноябрда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды.

Иш-чаранын алкагында ал дарыгерлердин өтүнүчүнө ылайык, эндоскопиялык ультраүн изилдөө аппараты жана УЗИ аппараттарынан турган алты комплект заманбап медициналык жабдууларды белекке берди.

Бул жабдууларды сатып алууга Президенттин стабилдештирүү фондунан 35 миллион 100 миң сом бөлүнгөн.

Дарыгерлер менен жолугушууда Камчыбек Ташиев жакын арада дагы кошумча медициналык жабдууларды сатып алуу пландалып жатканын белгиледи.

Ошондой эле борбордун дарыгерлери Ташиевге ыраазычылык билдирип, 180 орундуу унаа токтотуучу жай куруп берүүнү жана бир кызматтык унаа бөлүп берүүнү суранышты.

Буга жооп катары УКМКнын төрагасы борбор үчүн бардык шарттары бар унаа токтотуучу жайды тез арада курууну жана бир унаанын ордуна ар бир бөлүмгө 10 кызматтык унаа берүүнү убада кылды.

Мындан тышкары, ал өлкөдө саламаттыкты сактоо системалуу түрдө өнүгүп жатканын, жаңы ооруканалар курулуп, медициналык мекемелер модернизацияланып, бейтаптар менен дарыгерлер үчүн шарттар жакшыртылып жатканын белгиледи.

Келечекте медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу да пландалып жатканын кошумчалады.

Иш-чаранын соңунда Улуттук борбордун кызматкерлери саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.