Ун азыктары арзандайт
Новость

Республикада ундун жана ун азыктарынын баасы 12 пайызга арзандайт. Жергиликтүү ун өндүрүп чыгарган ишкерлерди колдоо үчүн  экономика жана айыл чарба министрлигинин салык кодексине жаңы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунушу Кыргыз Республикасынын жарлыгынын негизинде колдоо тапты. Учурунда кабыл алынган жарлык боюнча биздин ишкерлер казакстандан келген унга атаандаштыкты жаратат. Демек, жергиликтүү ун чыгарган комбинаттардын да иши үзгүлтүккө учурабайт.