"Каракол" аба майданын оңдоо уланууда
Новость

Кыш чилдеге карабай Каракол шаарындагы аэропортту толук оңдоо жумуштары уланууда. Жаңы учуп конуу тилкесинде жер жумуштары жүрүп жатат. Буга чейин жаңы аэровокзалдын пайдубалы куюлуп, жаз айларында темир конструкциясы орнотулат.