Окуучулардын кышкы эс алуусу 16-январга чейин узартылды
Новость

Кыргызстанда окуучулардын кышкы каникулу сууктан улам 16-январга чейин узартылганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Эскерте кетсек, мектепте үчүнчү чейрек 11-январь күнү башталмак. Бирок Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, өлкө аймагында катуу суук болорун айткан.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги сууктан улам балдарды онлайн окууга жөнөтүүнү сунуштаган.