Жаңы жыл түнү 298 наристе төрөлдү
Новость

Жаңы жыл түнү өлкөдө 298 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Анын 165и уул, 133ү кыз. 

Жыл жаңырары менен биринчи бөбөк Ош шаардык Перинаталдык борборунда төрөлгөн. 

Ал эми ордо калаада 46 эне көз жарды.