Онкологиялык ооруларды аныктоочу адистердин билим деңгээлин жана профессионалдуулугун жогорулатуу үчүн онкологиялык борбордогу диагностикалык базаны чыңдоо керек. Мына ушул жагдайды оңдогонго "Эргене" коомдук фондусу аракет кылууда.
Рак шишигин аныктап берген Орусия өндүрүшүнөн чыккан аппарат Кыргызстанда жалгыз бирөө. Бирок ага керектүү болгон реактивдин жоктугу жаны сыздаган бейтаптардын айласын алты кетирүүдө. Ракка кабылды деп шектелген жарандарыбыз жан аргасы үчүн Алматыга чейин барып, ал жерден анализдерин 500 долларга чыгартып келүүдө.
Ал эми жаңы долбоорго ылайык, каралган реактивдер жана жабдуулардын жардамы менен быйыл 200, ал эми эмдиги жылы 800 гө жакын анализдердин баардыгы бекер аныкталаары күтүлүүдө.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118