Мамлекеттик карызды төлөөгө 30 млрд сом жумшалды
Новость

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 30 миллиард сомдон ашуун акча жумшалды. Бул туурасында Финансы министрлиги билдирди. 

Сырткы карыз — эл аралык уюмдардан жана башка өлкөлөрдөн чет элдик валюта түрүндө алынган насыя. Ички карыз мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан түзүлөт. 

Январь-ноябрь айларында кыргыз өкмөтү 20 миллиард 634 миллион сомдук сырткы карызынан кутулган, ал эми 10 миллиард сомдон ашыгыраагы ички карызды жабууга бөлүнгөн.

Соңку маалымат боюнча мамлекеттик карыз 5 миллиард доллардан ашты.