Кыргызстанда 120 миңдей өспүрүм кыз папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өттү
Новость

Кыргызстанда 120 миңден ашык өспүрүм кыз папиллома вирусуна каршы эмделди. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул максаттуу топтун 50%ын түзөт. Быйыл ноябрдан баштап профилактикалык эмдөө календарына ылайык, 11 жаштагы кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталган. 

Ошондой эле, 12-14 жаштагы кыздарга да вирустун бул түрүнө каршы эмдөө жасалат.

Эмдөө мектептердеги медициналык борбордо акысыз жүргүзүлөт. Вакцина алты ай аралык менен эки жолу сайылат.