Интернет тарифи кымбаттабайт
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT Кыргызстанда интернеттин наркы өзгөрбөстөн мурдакы баада калат. Бул туурасында монополияны жөнгө салуу агентигинин директору Болсунбек Казаков билдирди. 

Анын айтымында жакында Казакстандык кесиптештери менен сүйлөшүп, интернеттин наркы боюнча бир пикирге келишкен. Башкача айтканда казакстандык провайдерлер бааны мурдакы бойдон калтырууга макул болушкан. 

Мындан улам монополияны жөнгө салуу агентиги өлкө ичиндеги интернет жеткирүүчү компанияларды интернеттин ылдамдыгын азайтпоого чакырды.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118