Талибандар Афганистанда согуш отун жандандырышты
Новость

Тажикстандын күч түзүмдөрү согуштук аракеттерге даяр туруп, Ооганстан менен чек арасын дыкат көзөмөлгө ала баштады. Кошуна Тажикстандын мындай чараларды көрүп башташына Ооганстандын түндүгүндөгү кырдаал түрткү болгону айтылат. 

Кечээ күнү эртең менен "Талибан" радикалдык кыймылынын согушкерлери Афганистандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясына чабуулун баштаган. 

Тажик күч түзүмдөрү азырынча коркунуч туудурган жагдай жарала электигин белгилешет. 

Деген менен акыркы маалдарда терроризм менен экстремизм күл алып жаткан коомдо ар кандай чакырыктардын, коркунучтардын алдын алуу зарылчылыгы жаралат.

Бозулан Ысаков