Кара-Балтада жаңы текстиль фабрикасы ачылат
Новость KTRK/videograp

Мамлекет чакан жана орто бизнестеги ишкерлер үчүн бир топ жеңилдиктерди түзүүдө. Маселен, бажы төлөмдөрүнөн бошотуу чакан бизнести өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт. 

Президентке караштуу инвестиция боюнча Улуттук агенттиктин директору Кара-Балта шаарындагы геохимиялык лабораториянын ишине мониторинг жүргүзүп, андан ары Түркиялык инвестор салып жаткан текстиль өнөр-жайынын курулушу менен таанышты.