Интернеттин баасы боюнча Кыргызстан коңшу өлкө менен бир пикирге келбесе, анда өлкөнүн байланыш агенттиги бул маселе боюнча Евразия экономикалык комиссиясына кайрылат. POST1RIGHT
Бул тууралуу монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Болсунбек Казаков - “ЕАЭБдин монополияны жөнгө салуу” аталышындагы эл аралык конференцияда билдирди.
Анын айтымында, коңшу Казакстан Кыргызстан үчүн интернеттин баасын 1-августтан тарта көтөргөн. Август айына чейин провайдерлер 1 мегабит ылдамдыктагы интернетти 14 доллардан сатып алып келсе, кымбаттагандан кийин бул нарк 29,2 долларды түзгөн.
Маселе боюнча Казакстандын интернет провайдерлери менен бир нече ирет сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бирок азыркы учурга чейин жыйынтык бере элек.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118