Ош шаарынын кыргыз жана өзбек улутундагы тургундары маалымат жыйында укук коргоочулар Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилованы өлкө жарандыгынан ажыратуу маселесин көтөрүп чыгышты.
Алар июнь окуясына күнөөлүү деп табылып өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун санаалашы экенин айтышты.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборду жетектеп турган Кадыржан Батыровго 2010-жылы улут аралык жаңжалды козуткан, массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган болчу.
Асанбек Пазыл