POST1RIGHTПрезидент Алмазбек Атамбаев Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада дарылануусун улантууда. Бул жердеги адистер мурда дагы анын жүрөк оорусун изилдеп, дарылашкан.
Дарылоого Россиянын медицина илимдери академиясынын академиги, профессор Ревишвили катышууда.
Азыр жүрөк аритмиясына байланыштуу маселе толук жоюлду. Дарыгерлер Президент Алмазбек Атамбаевдин абалы мурдагыдан кыйла жакшырганын белгилешти. Алардын корутундусу боюнча, Президенттин абалы канааттандыраарлык жана ушул жуманын аягында ооруканадан чыгышы мүмкүн.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118