Садыр Жапаров мектепти артыкчылык менен аяктаган балдарга "Алтын Сертификат" тапшырды
Новость султан досалиев

Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөргө Президент Садыр Жапаров алтын сертификаттарды тапшырды. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн салтанатуу иш-чарада өлкө башчысы мыктылыгын көрсөткөн жаштарды куттуктап, ийгиликтерди каалады. 

Билим берүү – артыкчылыктуу багыт экенин белгилеген мамлекет башчысы биздин коомчулук билимдин сапатынын жакшырышына багытталган реформалардын алдыга жылышына кызыкдар экенин билдирди.