Быйыл 23 млрд сом, кийинки жылы 25 млрд сом сырткы карызды төлөө милдети турат
Новость

Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдык аласаны төлөшүбүз керек. 

2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 миллион долларга чейин тышкы карыз төлөнүүгө тийиш. Мамлекеттик карызды тейлөөгө алдыңкы 5 жыл катары менен 35 миллиарддан 50 миллиард сомго чейин каражат жумшалат. Тышкы карыздын 50% ашыгы Кытайдын "Эксимбанкына" төлөнөт.