"Омикронго" каршы жаңы вакцина чыкты
Новость

BioNTech жана Pfizer коронавирустун "омикрон" түрүнө каршы жаңы вакцина чыгарды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Компаниялардын жаңы өндүрүмдөрү Европада SARS-CoV-2 вирусун жугузуу санынын өсүшүнө алып келип жаткан "омикрондун" BA.4 жана BA.5. варианттарына каршы натыйжалуулук көрсөтүшкөн. 

BioNTech немец фармацевтикалык компаниясы жана анын америкалык өнөктөшү Pfizer SARS-CoV-2 коронавируска каршы эки вакцинаны ийгиликтүү изилдешкенин билдиришкен, алар "омикрондун" түрлөрү менен күрөшүүгө жөндөмдүү.