Өлкө аймагында бир күндө эки адам сууга чөгүп каза тапты
Новость

Кыргызстанда бир күндө эки адам сууга чөгүп каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Балыкчы шаарынын "Толкун" суу жээгинде 27-июнда 16 жаштагы кыз сууга чөгүп кеткен. 

Жерине жети куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 19:20да сөөк суудан чыгарылган. 

Ал эми Нарындын Ат-Башы районунда ушул эле күнү 47 жаштагы эркек киши Чет-Келтебек тилкесине мал издегени кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат “102” кызматына түшкөн. 

Жерине беш куткаруучу, 11 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, аталган жарандын сөөгү Чет-Келтебек суусунан табылып, туугандарына өткөрүп берилген.