Нарында облусунда “Кыргыз шырдагы - XII” фестивалы өтөт
Новость

28-29-июнь күндөрү Нарын облусунда эл аралык “Кыргыз шырдагы - XII” фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалдын максаты - улуттук буюмдардын сап башында турган шырдакты даңазалоо, жайылтуу жана сатууну жогорку деңгээлде уюштуруу болуп эсептелинет.

Иш-чара расмий өкүлдөрдүн катышуусунда өтөт.