“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында жалпы 3 млрд 800 млн сомго 7 жарым миң насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Өсүмдүк өстүрүү” категориясы боюнча жалпы 1 млрд 82 млн 959 миң сомго 2 миң 673 насыя берилди.
“Мал чарбачылык” категориясы боюнча жалпы 2 млрд 238 млн 147 миң сомго 4 миң 543 насыя каржыланды.
Ал эми “Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү” категориясы боюнча жалпы 575 млн 550 миң сомго 201 насыя берилди.