Кыргызстан менен Венгрия билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө
Новость

Кыргызстан менен Венгрия билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Венгриянын Улуттук жыйынынын вице-спикери Шандор Лежак менен жолугушту.

Тараптар билим берүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. 

Атап айтканда, ЖОЖдордо студенттер үчүн квотаны көбөйтүү, академиялык мобилдүүлүк, Кыргызстандын жана Венгриянын ЖОЖдорунун ректорлорунун иш сапарларын уюштуруу, Кыргыз-Венгер изилдөө фондун түзүү жөнүндө макулдашышты. 

Министр Кыргызстан венгриялык студенттерди алмашуу программасынын алкагында мисалы, “түркология”, “археология” адистиктери боюнча студенттерди кабыл алууга, Кыргызстандын ЖОЖдорунун биринде кыргыз-венгер институтун же кафедра ачууга даяр экендигин белгиледи.