Казино: жоопкерчилик күчөтүлөт
Новость

Азыр дүйнө жүзү кризистик абалда турганда оюн-зоок мекемелери казынаны толтурууга жардам берет. 

Муну белгилеген серепчилер Кыргызстан бул жагынан туристтик борборго айланат деген ишеничте. Себеби, өлкөнүн жаратылышы башка өлкөлөрдүн эс алуучуларын дайыма кызыктырып турат. 

Серепчилер чет элдиктер үчүн гана ачыла турган казинолорго кыргыз жарандарын киргизбөө жоопкерчилигин күчөтүп, мамлекет андан чоң пайда тапса болорун кошумчалашат. 

Мисалы, Монако сыяктуу Европа өлкөлөрүнүн бюджети оюн-зоок мекемелеринин эсебинен толтурулуп келүүдө.