Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска чейин жетет
Новость

Кыргызстанда абанын табы 40 грудуска чейин нөлдөн жогору болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

27-30-июнь күндөрү ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунда +36…38°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +38…40°ка чейин жогорулашы күтүлүүдө. 

Күндүн кескин ысышына байланыштуу адистер адамдарды күндө көп жүрбөө, сууну көбүрөөк ичүү сыяктуу коопсуздук чараларын колдонууну кеңеш беришет.