POST1RIGHTБаткен районунун алыскы Зардалы айылында жаңыдан курулган ФАП бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Айылдык чакан бейтапкананын курулушуна бейөкмөт уюмдар 2 млн. сомго жакын каражат берген. Ал эми айыл өкмөтү эмеректерге 68 миң сом бөлдү.
Андан сырткары ФАП Баткен областынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан медициналык аппараттар менен камсыздалды. Буга чейин айылда оорукана жок болгондуктан район борборуна жетпей ара жолдо көз жарган, өлүмгө дуушар болгон жагдайлар болуп келген.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118