Кадыржан Батыровду ким качырган?
Новость

Ош окуясына күнөөлүү деп шектелип, чет өлкөдө жашырынып жүргөн Кадыржан Батыров боюнча бүгүн бир эле убакта эки маалымат жыйын өттү. 

Анын бирин 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси болгон Эдил Байсалов өткөрсө, экинчи маалымат жыйында бул боюнча “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев сүйлөдү. 

Экөө тең Кадыржан Батыров менен эч кандай байланышы жок экенин билдирип, бирок Эдил Байсалов ошол убакта ага дипломатиялык паспорт жасатуу үчүн Тышкы иштер министрлигине кат жазганын мойнуна алды.