Жалал-Абаддагы Үңкүр-Тоо аймагына коюлган өзбек милициясы алынды. Өзбек тарап буга чейин айрым талаптарды коюп келген.
Бул ирет сүйлөшүү ийгиликтүү аяктаганын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлайт.
19-сентябрдан тартып, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттер штаттык калыбында иштей баштады.
Эске салсак, кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттер Кыргызстан тараптан 3-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жана КМШнын Бишкек саммитине байланыштуу жабылган эле.
Бозулан Ысаков