Кечээ, 15-сентябрда Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” аскер полигонунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аскер күчтөрүнүн "Тынчтык миссиясы-2016" аталышындагы аскердик машыгуулары башталды. Террорчулукка жана экстремизге каршы уюштурулган машыгууга Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия жана Тажикстандын аскер күчтөрү катышууда.
Жалпы 2000 аскер жана 300гө жакын аскер техникасы тартылган машыгуулар 21-сентябрга чейин уланат. “Тынчтык миссиясы-2016” террорчулукка каршы күрөшүү максатында уюштурулган машыгууга даярдыктар февраль айында башталган. Анда Балыкчыдагы аскер бөлүктөр жана Кой-Таш аскердик бөлүктөрү өз даярдыктарын көргөзгөн. Ал эми 15-сентябрда башталган машыгуунун алкагында маданий жана спорттук мелдештер да уюштурулат.
Сүймөнкул Идирисов