Бир бак тиксең - миң сооп аласың. Ош шаарында 10 миң түп павловния көчөтү отургузулду
Новость www

Ош шаарында Өзбекстандын Андижан облусунан алынып келинген 10 миң түп павловния көчөтү отургузулду. Көчөттөр коңшу элден белек катары жөнөтүлгөн. 

Бак отургузууга шаар тургундары, муниципалдык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты. Жаш көчөттөрдүн көктөшүн, сугарып карап туруу милдети ишкана, мекемелерге бөлүштүрүлүп берилди. Дарак отургузуу эстафетасы Бишкек шаарына өткөрүлүп берилди. 

“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы быйыл Ош шаарынын аймагына 500 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу жана 20 000 бадал көчөтүн отургузууну пландап жатат.