Эки өлкөнүн ортосундагы аскердик жардам көрсөтүү жөнүндөгү макулдашуунун алкагында, Түркиянын Улуттук Коргоо министрлиги Кыргызстандын Коргоо министрлигинин кампасын аскердик техника, жабдыктар менен толуктап берди.
Эки өлкөнүн аскердик кызматташуусунун алкагында Түркия Кыргызстанга аскердик техникаларды тартуулады. Анын ичинде 2020-жылы чыккан 42 орундуу 2 автобус бар. Айнектери коопсуздук үчүн толугу менен темирлер менен капталган. Ошондой эле “Ленд Ровер”, “Ленд Ровер 110” үлгүсүдөгү 4 унаа дагы кайтарымсыз негизде тапшырылды.
Мындай жардамдар 1999-жылы эки өлкөнүн ортосундагы аскердик материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө кол коюлган келишимдин алкагында ишке ашты.