Алдыда Бишкекте өтө турган КМШ өлкө башчыларынын саммитинде үч миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту сактайт. Маалыматка караганда Кайгуул милициясынын стационардык постторунда борбор калаага кирип чыккан унаалар текшерүүгө алынат. POST1RIGHT
Мындай иш-чаралар мыйзамсыз курал-жарактарды алып кирүү фактыларын алдын алууну көздөйт. Мындан сырткары милициянын каттоосунда турган жарандар өзгөчө көзөмөлгө алынып, өтө маанилүү объектилер кайтарылат.
Бул күндөрү тиешелүү кызматтар тарабынан делегация өтө турган жолдор менен имараттар текшерүүгө алынып жатат. Белгилей кетсек, КМШ өлкө башчыларынын саммити 15-17-сентябрь күндөрү өткөрүлөт.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118