ӨКМ: Соңку суткада 18 өрт кырсыгы катталды
Новость www

Сутка ичинде республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 3, Чүй облусунда - 2, Талас облусунда - 1, Ош облусунда - 4, Жалал-Абад облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 5 өрт кырсыгы катталган.