ТИМ: Кыргызстанга 61 өлкөнүн жарандары визасыз кире алат
Новость www

Өлкөдө учурда 61 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдагы тышкы саясий ишмердигинин негизги жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматта айтылат. 

Кыргызстан былтыр 60 күндүк визасыз режимге уруксат берген өлкөлөрдүн санын дагы толуктаган. Ага Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика мамлекеттери кирген. Бул мамлекеттердин жарандары виза албастан Кыргызстандын аймагында 60 күн жүрө алышат. 

Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн туристтик жана инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу максатында иш алып барып жатканын белгилейт.